«Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (азыркы “Отель Евразия» эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык, базар баасы 729 682 000 сом болгон «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жер тилкелери өткөрүп берилген.