Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Ош облустук китепканасынын жетекчисинин төртүнчү небереси да каза болду

17-июлда Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылып, реанимацияда оор абалда жаткан бала каза болду. Ошону менен жол кырсыгына кабылган «Тойота Авенсис» унаасында бара жаткан алты киши набыт болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору билдиргенин «Азаттык» жазды.

Бүгүн, 19-июлда Ош шаарында Аида Касымалиеванын ата-энесинин жана алардын неберелеринин тажиясы өтүп жатат.

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында каза тапканы маалымдалган. Жол кырсыгында 68 жаштагы жубайлар менен кошо алардын 9 жаштагы небереси мүрт кеткен. Кийин ооруканага жеткирилген дагы эки небереси, тагыраагы анын бири 9 жаштагы эгиздин түгөйү жана 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болгон. Балдар Аида Касымалиеванын агасы Мыктыбек  Касымалиевдин балдары.

Экс-депутаттын апасы Бактыгүл Мырзаева 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.