Ысык-Көлдөгү жол кырсык. 53 жаштагы жаран ооруканада көз жумду

Каракол-Эңилчек жолунда эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү саат 16:20 чамасында Түп районунун Жылуу-Булак айылынын 1999-жылы туулган тургуну жүк ташуучу Мерседес-Бенц-313 үлгүсүндөгү унаасы Каракол-Эңилчек жолунун 3-чакырымынан карама-каршы тилкеге чыгып, Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1990-жылы туулган тургунунун башкаруусундагы Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү уунасы менен сүзүшүп, жол кырсыгына кабылышкан.

Кырсыктын кесепетинен Тойота-Ипсум үлгүсүндөгү унаанын 6 жүргүнчүсү Ак-Суу райондук ооруканага жаткырылган:

— Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1978-жылы туулган тургуну А.К.К.

— Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1959-жылы туулган тургуну Ж.Б.У

— Каракол шаарынын 1971-жылы туулган тургуну У.А.Т.

— Түп айылынын 2005-жылы туулган тургуну Ш.А.М.

— Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1992-жылы туулган тургуну М.М.М.

Ал эми Ак-Суу районунун Жергез айылынын 1968-жылы туулган тургуну Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза тапты. Учурда Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.