Ысык-Көлдөгү жол кырсыкта Рыспек Акматбаевдин ата-энеси көз жумганы айтылууда

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыктан Рыспек Акматбаевдин ата-энеси каза болду. Бул тууралуу АКИpress агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка карганда, кырсык бүгүн, 4-октябрда катталган. Анда Чолпон-Атадан Балыкчыны көздөй бара жаткан унаанын айдоочусу кайрылышта рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Унааны 1937-жылы туулган Абдымалик Акматбаев башкарып бара жаткан. Жанында жубайы болгон.

Бул маалыматты тастыктоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы менен байланышкан учурда маалымат бир нече убакыттан кийин берилерин айтышты.