Кечээ, 10-августта Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 14-чакырымында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа күн батышты көздөй каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатып, токтоп турган Chevrolet унаасын сүзгөн. Андан ары Lexus LX470 үлгүсүндөгү авто унаа менен да сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү окуя болгон жерде көз жумуп, калган эки унаадан 6 жаран жаракат алышкан.
Азыркы учурда тийиштүү материалдар топтолуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
ЖКККББ жол кырсыктарынын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болуп жаткандыгын эскертип, каршы тилкеге чыкпай, ылдамдыкты ашырбай жол эрежелерин так сактап, унаа башкарууну өтүнөт.
Кечээ, 10-августта Ысык-Көлдө 3 унаа сүзүшкөн жол кырсык катталганын окуянын күбөсү билдирген. Кырсыктын Тору-Айгыр айылында катталганын да айткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуянын күбөсү видео менен бөлүшүп, жабыркагандарды Тез жардам алып кеткенин, ошол жерде 1 адам каза болгонун билдиришкен.