Буга чейин ӨКМден Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 14 адам жабыркаганын билдиришкен. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.
4-июль күнү саат 19:25 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 28-чакырымында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2004-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну өзүнүн Тойота Эстима унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан 1978-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын тургунунун башкаруусунда Хонда Одиссей унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Тойота Эстима унаасынын жүргүнчүсү 2015-жылы туулган өспүрүм жана Хонда-Одиссей унаасынын жүргүнчүсү 1953-жылы туулган аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Тойота Эстима унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган жаран, жүргүнчүлөрү: 1979, 2009, 2004-жылы туулган жарандар, Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган жаран, жүргүнчүлөрү Ош шаарынын тургундары 1991 жана 1987-жылы туулган жарандар ар кандай жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилди. Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.











