Ысык-Көлдүн Жыргалаң суусунан 2 кыз изделип жатат

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң суусуна түшүп кеткен 2 кыз 18-майдан тарта куткаруучулар тарабынан изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

19-май күнү да издөө иши уланып, ага Каракол шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн 37 куткаруучу, облустук башкармалыктан 1 куткаруучу дрон жана 2 кайык менен тартылды. Мындан сырткары ИИМден 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 40 адам издөөгө чыгышты.

Маалыматка ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын Михайловка дачасында Жыргалаң суусуна 2017-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган Т.С. аттуу кыздар түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.