Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
2-мартта милицияга Сокулук районунда 1975-жылы туулган аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган жаран аныкталган. Ал из жашырып кеткен.
15-апрелде милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунда табылып, кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда.