Ысык-Көлгө малдын кан-жинин, калдыктарын агызган касапкана аныкталды (фото, видео)

Жети-Өгүз районунда сууну булгап жаткан мал союлучу жай аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты.

25-июль күнү рейддин жүрүшүндө туристтик- экологиялык милициясынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагындагы Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жайдын талапка жооп бербегенин көрүшкөн. Аталган жайга текшерүү жүргүзгөндө калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, аталган мал союлуучу жайга тергөө-ыкчам тобу териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалганын бирок, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.