Abank_june
SerepTV Logo

Жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
Прокуратура органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларынын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Ноокат районунун Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал аймагындагы жайыт жер тилкесинин мыйзамсыз ээлеп алынган факты аныкталган. Тактап айтканда, жаран Ж.Э. мыйзамдарда каралган тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, жайыт жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алып, курулуш объектилерин тургузган жана жер кыртышын бузган. Мыйзам бузуу фактыларын жоюу тууралуу берилген эскертүүлөргө карабастан, мыйзамсыз курулуш иштерин уланткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер тилкесин бошотуу жана мыйзамсыз курулган объектилерди буздуруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн. Кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу прокуратура органдарынын көзөмөлүндө. Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу мыйзам бузуу болуп саналарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет. Жер мыйзамдарынын жана президенттин №109 Жарлыгынын талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мындан ары да улантылат.