Abank_nov
SerepTV Logo

Жол кырсыгында автоунаанын эгиз жүргүнчүлөрү жоопко тартылды деген кайрылуу боюнча милиция маалымат таратты

Жол кырсыгында автоунаанын эгиз жүргүнчүлөрү жоопко тартылды деген кайрылуу боюнча милиция маалымат таратты
 
25-ноябрда Ж.Дж. аттуу жаран “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунааны башкарып, жанында болгон эгиз туугандары М.Д. жана М.Б. менен Москва районунун Ак-Башат жана Төмөн-Суу айылдарынын ортосунда бара жатып, Ак-Башат айылынын 1986-жылы туулган тургуну А.У. аттуу жаранды сүзүп кеткен.

Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, айдоочу жабырлануучуну дароо медициналык мекемеге жеткирбестен, алгач үйүнө алып барган. Андан соң тез жардам чакырбастан, жүргүнчүлөрдүн бири жубайынын келишин күтүп, кийин гана жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Ошол эле учурда жол кырсыгы болгонун жашырып, медициналык кызматкерлерге жабырлануучу аттан кулап кеткенин билдиришкен. Натыйжада жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгон.

2025-жылдын 1-декабрында аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-б.3-б. менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө автоунаанын айдоочусу Ж.Дж.га Кылмыш-жаза кодексинин 312-б.3-б.(Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу), 144-б.2-б.(Коркунучта калтыруу) жана 145-б. (Жардам көрсөтпөй коюу) менен айыбы угузулган. Ал эми автоунаада жүргүнчү катары бара жаткан 1992-жылы туулган М.Д. жана М.Б. аттуу жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 145-б. (Жардам көрсөтпөй коюу) менен айыптары угузулган. 29.12.2025-жылы кылмыш иши тергөө амалдары аяктагандан кийин кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн.
SEREP MEDIA