Социалдык тармактарга зордукталганын айткан аялдын видеосу тарады. Анда аял аны унаага күч менен салып, талаага алып барып зордуктап, чуңкурга таштап кеткенин айтат.
Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, кармалган шектүүнү сот үй камагына чыгарып салганын, ал эми азыр өзү кыйналып, ооруканада жатканын айтат.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден маалымат берип, мындай чечимди Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдиришти. «Жабырлануучу өзүнүн видеокайрылуусунда белгилегендей, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы бул баш коргоо чарасын колдонуу боюнча чечим чыгарууга укугу жок. Тергөөнүн компетенциясына тергөө аракеттерин жүргүзүү, далилдерди чогултуу жана талдоо жана адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу саналат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында учурда Ак-Суу РИИБнин тергөө кызматы тарабынан бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,- дешти.