«Зулушев экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жок». Ташиев Башкы прокурордун кайниси кармалганын айтты

Башкы прокурор Курманкул Зулушев экөөбүздүн ортобузда эч кандай пикир келишпестик жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Эки күндөн бери бажыда чоң коррупциялык схеманы кармап алып чыктык. Ошонун негизинде түнү менен иштеп, 8 адамды кармадык. Алар бажыда иштеген кызматкерлер жана жүк ташыгандар. Чоң суммадагы коррупциялык схема иштеп турган. Бул иште Курманкул Зулушевдин кайниси бар экен. Сурак берип жатат. Бул ишке Курманкул Токторалиевичтин өзүнүн, ишинин эч кандай тиешеси жок. Эгерде кайниси камалса, мамлекетке зыян келтирсе, чыгымдарды төлөйт, мыйзам чегинде жазасын алат. Эгер андай болбосо бошотулат. Мындан трагедия кылып, пикир келишпестик болуп жатат дегендик туура эмес”, — деди Ташиев.