УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар тарабынан кошкон акчасын жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшашкан. Ушул каржылык операциялары ачыкка чыккандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкерлерине табылган фактыларды жашыруу жана кошумча тергөө иштерин токтотуу үчүн 100 миң доллар пара сунушташкан.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 328-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык (өзгөчө ири суммада пара берүү) кылмыш иши, ошол эле күнү аталган муфтияттын башкы эсепчиси УКМК кызматкерлерине пара берип жатып кармалды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.











