Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимине байланыштуу Бишкектин Административдик соту түшүндүрмө берди

Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимге байланыштуу Бишкектин Административдик соту түшүндүрмө берди.

Өткөн айда Текебаев мандатты кайтарып алышы үчүн Садык Шер-Нияз өз мандатын тапшырган эле. Соттун маалыматында мындай учурда мандат БШКнын чечими менен тизмеде турган кийинки талапкерге берилиши мыйзамга ылайык болмок деп жазылат. Текебаев тизмедеги кийинки талапкер болгон эмес, демек, көрсөтүлгөн норма бузулган. Ошондон улам БШКнын токтому сот тарабынан жараксыз болуп табылган.
Ал эми БШК Текебаевге мандатты Жогорку Соттун токтомунун негизинде кайтарып бергенин айтат. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, БШК жакын арада административдик соттун чечимине байланыштуу кийинки инстанцияга арызы менен кайрылат.

«Ата Мекен» партиясынын лидери сот иштерине байланыштуу 2017-жылы мандатынан ажыраган. 2019-жылы Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларды жүйө кылып, ишти кайра кароого жөнөткөн эле. Бул чечим менен Өмүрбек Текебаев үй камагына чыккан болчу. Кайра Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына октябрь айындагы окуялардан кийин, тагыраагы 15-октябрда кайтып барган.

Соңку күндөрү Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршы катуу сындарды айтып баштаганы маалым.