Эмки жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, азыр өлкө боюнча 93 миңден ашык мугалим эмгектенүүдө, алардын ичинен 87 миңден көбү мамлекеттик мектептерде иштешет.
«Албетте, мугалим жетишпеген учурлар бар. Себеби эмгек акынын аздыгы, бирок бул көйгөй акыркы жылдары кыйла азайды. Маселен, мага берген маалымат боюнча быйылкы окуу жылдын башында мугалимдер жетишпестиги 947ни түздү, мурдагыдай 2,5 миң эмес. Бул – биздин системалуу иш-аракеттердин жыйынтыгы.
Мугалимдердин жетишсиздиги маселеси чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып айлык дагы алып иштейт.
Мугалимдин депозитин узак мөөнөттөгү ипотекага айландырабыз. Диплому бар иш таппай жүргөндөрдү кыска мөөнөттө кайра окутуп, кошумча акы төлөгөн ыктыярчыларды да тартабыз», — деди өлкө башчысы.