1-октябрдан тартып жөлөк пулдун көлөмү көбөйөт. Ким канча сом алат?

Президент Садыр Жапаров «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, ар айлык социалдык жөлөк пул алган балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоону күчөтүү максатында Министрлер кабинетине тапшырылды:

1) 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн 50 пайызга көбөйтсүн:

–  ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

– атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;

– атасы менен энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

– бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

– бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;

– бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;

–  атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

2) 2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көбөйтсүн:

– ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

– атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин;

– бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 8000 сомго чейин;

–  бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 6600 сомго чейин;

– бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 5400 сомго чейин;

3)2021-жылдын 1-октябрына чейин эсептелген ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүнө карата ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн 2022-жылдын 1-январынан тартып 200 пайызга көбөйтсүн:

–  атасынан же энесинен айрылган балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

–  атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 6000 сомго чейин;

4 багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу балдардын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн атасынан же энесинен (атасы менен энесинен) айрылган учурда, эгерде аларда пенсиялык камсыздоого укугу болбосо, балдар үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнө теңештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

Алдын ала эсептер боюнча ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүгө республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынат:

Мындан сырткары, багуучусунан айрылган учурда балдардын ар айлык жөлөкпулу көбөйгөнүн эске алып, Социалдык фонд тарабынан багуучусунан айрылган учур боюнча пенсияларды теңдөө зарыл. Буга байланыштуу, республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттары талап кылынат: 2021-жылдын 1-октябрынан 138 млн сом өлчөмүндө жана 2022-жылдын 1-январынан – 970 миллион сом. Чыгашалардын каржылоо булагы республикалык бюджеттин каражаттары болот.