Дүйшөмбү, 27.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

14:35 22.04.2026
0
Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктардын өлкөлөрдүн жана элдердин туруктуу өнүгүүсүнө жана бакубаттуулугуна тийгизген таасири күчөп жаткан шартта, бул Саммитти өткөрүү демилгесинин өз убагында жана актуалдуу болгонун баса белгиледи.

Президент өз сөзүндө: “Кыргызстанга дүйнөлүк парник газдарынын чыгындыларынын болгону 0,03% гана туура келет. Бирок биздин өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат”, — деп белгиледи. Мисал катары төмөнкү фактылар келтирилди: 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт; Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды; болжолдоолорго ылайык, 2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн; Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү; көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды; мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү. Белгиленгендей, климаттын өзгөрүшү региондо жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү.

Президент Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 млрд куб метр деп эсептелерин кошумчалады. “Ошону менен бирге биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы ана энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады. “Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 млн АКШ долларына жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 млн АКШ доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2%ын түзөт. Бирок, бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системаны куруу үчүн жетишсиз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимиттерин сактоону, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууну, гидротехникалык курулуштарды сактоону жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келерин баса белгиледи. «Биз жасаган иштердин баары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат, алар бардык суу пайдалануучулар тарабынан колдоого алынышы жана биргелешип каржыланышы керек. Аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү макулдашууга келиши оңой эмес, бирок биз кызыкчылыктардын тең салмагын таап, аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерине натыйжалуу экономикалык инструменттерди баскычтуу киргизүүдө комплекстүү мамилелердин негизинде өз ара кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгышыбыз керек», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу президент чөлкөмдө суу-энергетика тармагында өз ара пайдалуу экономикалык компенсациялык механизмди заман талабындагы шарттарда киргизүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы суу чарба тармагын жана суу инфраструктурасын, анын ичинде ирригациялык каналдарды модернизациялоо, ошондой эле сууну үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү зарылдыгына токтолду. Президент коңшу мамлекеттер менен биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө, ошондой эле климаттык жана экологиялык фонддордун каржылоосун тартууга чакырды. Мындан тышкары, Садыр Жапаров Бишкек шаарында Энергияны үнөмдөөчү жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча аймактык борборду ачуу демилгесин көтөрдү.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын жана Париж келишиминин алкагындагы бөлүп чыгарууларды кыскартуу максаттарына жетүү үчүн конкреттүү чараларды көрүүдө. Өз сөзүндө президент «жашыл» энергетика тармагындагы долбоорлор, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, чакан гидроэлектр станцияларды, күн жана шамал электр станцияларын өнүктүрүү ишке ашырылып жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы климаттык каржылоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан климат боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди толугу менен аткарып жатканын баса белгиледи. Садыр Жапаров климаттык каржылоону алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнү жана каражаттарды биринчи кезекте аялуу өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге, анын ичинде тоолуу өлкөлөргө багыттоону жактады.

Мамлекет башчысы мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды. «Биз бул саммиттин жыйынтыгы региондогу экологиялык тилектештикти бекемдөө үчүн маанилүү кадам болот деп үмүттөнөбүз. Биргелешкен аракеттер менен гана биз мекенибиздин туруктуу келечегин камсыз кылып, келечек муундар үчүн жаратылыш мурасын сактай аларыбызга ишенем», — деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Кыргыз-Түрк “Манас” университети боюнча депутат Жумабеков дипломаттык түрдө чечүүнү талап кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:08 22.04.2026
0

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

15:14 27.04.2026
Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Баткен районунда каза болгон жубайлардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

14:54 27.04.2026
Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

14:26 27.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү