12 жыл мурда Ташиев пайдубалын түптөгөн күрөш залын Шакиев ачты

Кечээ, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Аксы районунун Нарын айылында курулган күрөш залынын ачылыш аземине катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага өлкөдө жүргүзүлүп жаткан акыркы реформаларга токтолуп: “Соңку үч жыл аралыгында өлкөбүздүн бюджети үч эсе жогорулап, 600 миллиард сомдон ашты. Кийинки жылдын бюджети дагы көбөйөт деген чоң ишенич бар. Эл аралык уюмдардан жана башка каржылык институттардан көмөк сураган мезгилдер артта калып, бакубат мамлекетке айлануу аракетибиз дагы уланат”, – деди.

Андан тышкары, жаңы мектептер салынып, агартуучулардын айлыгын көтөрүүгө мамлекет көп көңүл бурганы менен билимдин сапаты төмөн бойдон калып жатканын айткан Нурланбек Шакиев: “Бул жаатта да тийиштүү иштер жүргүзүлүшү шарт. Мугалимдерге татыктуу айлык акы төлөө менен катар алардын жоопкерчилигин да жогорулатышыбыз керек. Ошондо гана билимдин сапатын көтөрүп, келечегибизге кам көргөн болобуз. Эгер биз билимдүү коомду кура албасак, өлкөбүздүн келечеги бүдөмүк бойдон калат. Билимдүү эл, билимдүү коом болгондо гана бакубат өлкө калыптанат”, – деди.

Ошондой эле өлкө боюнча миңдеген чакырым жолдор жаңыланып жатканын белгилеген төрага Аксы районунда эле быйыл 32 чакырым жолго асфальт төшөлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары, спортко да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Нурланбек Шакиев ачылып жаткан күрөш залы мунун анык мисалы экенин билдирди.

“Залдын алгачкы пайдубалы 2012-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан түптөлгөн. Бирок саясий жагдайлардан улам аягына чыккан эмес. Ал эми 2021-жылдагы парламенттик шайлоо маалында жаштар курулушту бүткөрүп берүү өтүнүчүн айтышкан. Натыйжада мамлекет тарабынан курулуш кайрадан улантылып, заманбап шарттагы жаңы күрөш залы бүгүн ишке берилүүдө”, – деген төрага жергиликтүү элге Камчыбек Ташиевдин жолдогон саламын жеткирип, спорт зал үчүн берип жиберген белектерин тапшырды.

Муну менен катар спорттук жайдан кыргыздын кызыл желегин бийиктерде желбиреткен балбандар чыксын деген тилегин айткан Нурланбек Шакиев: “Анткени, бул аймактын уучу куру эмес. Атактуу спортчулар арбын чыккан. Алардын жолун жолдоп, ар кандай мелдештерде жана дүйнөлүк олимпиадаларда алдыңкы орунду багынткан азаматтар сөзсүз чыгарына ишенем”, – деди төрага. Ошондой эле күрөш залына жардам катары 200 миң сомдук сертификатты берди.