«15 жыл чыдадыңар, дагы чыдап тургула». Садыр Жапаров жаңы конуштун жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүнү убадалады

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров бир нече жаңы конуштун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу Ала-Тоо 3 жаңы конушунда өттү.

Ал жерге бир нече конуштардын тургундары чогулуп, көйгөйлөрдү айтышты. Алар жер тилкелерин мыйзамдаштырып, көрүстөнгө коюуга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү, милициянын участкалык пунктун ачып, мектеп, бала бакчаларды куруп, коомдук транспортту ишке киргизүүнү суранышты. Алардын арызын уккан президент көйгөйлөрдү чечүүгө убада берди. Анын айтымында, бул жаңы конушта жашаган 13 миң үй-бүлө дээрлик бүтүндөй бир районду түзө алат. Ал губернаторго көрүстөнгө коюу маселесин чечүүнү тапшырды. «Ушуну сөзсүз президент келип чечип бериши керекпи? Архитекторлорду, адистерди чогулткула, маселени чечкиле. Бул маселени аким чечип койсо болот», — деди ал.

Коомдук транспорт маселесин да президент чечүүгө убада берди. «Бишкек шаарынын мэрин чет өлкөгө жибергем, коомдук транспорттор келет, шаардагы маршруттар бошойт. Ошондо силерге алар өзүлөрү келет»,— деди ал. Ал эми социалдык объектилер боюнча президент бул маселелерди да чечүүгө убада берди. «Кийинки жылы бул жерге 3,5 миң орундуу мектеп куруп беришет. 15 жыл чыдадыңар, дагы 1-2 жыл чыдай тургула. Мектепти да, бала бакчаны да курушат. Бул маселени өз көзөмөлүбүзгө алабыз», — деп ишендирди ал.