Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-майда Евразия экономикалык кеңешинин мааракелик саммитине жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барды. Мамлекет башчынын борту Москва шаарындагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду. Аны Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.
Мамлекет башчысы сапардын алкагында 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кол коюлган күндөн тарта — Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин онунчу жылдыгына арналган юбилейлик жыйынына катышат. Ошондой эле эртеси, 9-майда ал Жеңиш Парадына катышат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар: