Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесине ылайык билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Усеков Уланбек Абдилазизович билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруудан бошотулду.
Ал 7-сентябрда Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулганда анын ордуна милдетин убактылуу аткарууга дайындалган болчу.