Шаршемби, 29.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

10:10 06.03.2026
0
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп аталган жаңы ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Төлөмдөр 2026-жылдын 1-июлунан тартып бериле баштайт жана үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет. Жөлөкпулдун көлөмү ай сайын 1200 сомду түзөт. Президент бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылууларына жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өзгөчө токтолду:

“Мамлекет башчысы катары мен мамлекеттик жөлөкпулдар системасына байланышкан көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын көрүп жатам. Көп учурда жөлөкпул алуу дээрлик өтө албай турган тоскоолдуктарга айланып кетет. Энелердин басымдуу бөлүгүнүн чыныгы муктаждыктары көбүнчө көңүл сыртында калууда. Үй-бүлөлөр мамлекеттен жардам сурап кайрылышат, бирок колдоо алуунун ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушат.

Айрыкча эмчектеги ымыркайларга тийиштүү болгондо мындай жагдайлар таптакыр жол берилгис. Адамдын эң негизги дене тарбиялык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат.

Ошондуктан бүгүнкү Жарлыгым менен Министрлер кабинетине “Бала ырысы” аттуу жаңы жөлөкпулду киргизүү иштерин иштеп чыгууну тапшырдым. Биз билебиз: ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт. Албетте, кээ бирөөлөр мында кыянаттык менен пайдалануу болушу мүмкүн деп айтар. Бирок мен чындап муктаж болгон бир дагы бала колдоосуз жана азык-түлүксүз калбашы үчүн мамлекет муктаж эместерге бир нече ашыкча жөлөкпул төлөгөнү жакшы деп эсептейм.

Мен бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстанды куруп жатам. Биз жасап жаткан иштердин баары балдарыбыз жана Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн. Башталган экономикалык өсүш жакынкы жылдары жакырчылыкты жоюп гана тим болбостон, ар бир кыргызстандыкка татыктуу жашоо шартын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем”.

Жаңы социалдык колдоо чарасы балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөргө кепилденген жардам көрсөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки болжол менен 445 миңдей бала жашайт.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Президенттин администрациясында эл аралык санкциялар маселелери боюнча кеңешме өттү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:14 27.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты....

Тариф маселеси талаш жаратты: ишкерлер укуктарын коргоону талап кылууда

Президент менен маек: Алтын, февраль окуялары, Ташиев жана анын үй-бүлөсү тууралуу (толугу менен)

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:26 27.04.2026
0

- Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Убакыт бөлүп, Kaktus.media (Марат Уралиев) суроолоруна жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн рахмат. Суроолорго эч кандай чектөө...

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:20 24.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-апрелде Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Кыргыз-орус...

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Садыр Жапаров: «Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:35 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Садыр Жапаров Регионалдык экологиялык саммитке келип, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкты

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:52 22.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

2
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды

15:07 28.04.2026
Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

Того Министрлер кеңешинин төрагасы Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет

10:15 28.04.2026
Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин санкциясынын 20-пакети боюнча билдирүү кылды

09:45 28.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү