28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 22-ноябрында Чүй облусунун тургундары менен жолугушуу учурунда бардык жарандарга 2022 жылдын 1 апрелге чейин жер участокторун мыйзамдаштырып, укук күбөлөндүрүүчү документтерин берүү боюнча тапшырма берген.

Жер участкаларын жеринде изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 миң 337 жер тилкелери такталган. Бүгүнкү күнгө карата 28 миңден ашуун жаранга техникалык паспорт берилди.

Мыйзам талаасында бул маселени чечүү үчүн “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ” мыйзамы 2022-жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 2022-жылдын 5-апрелинде күчүнѳ кирген. Бул мыйзамдын негизинде өлкөдө жалпы аянты болжол менен 29 миң 872 гектар жер трансформацияланат.

Мыйзамга ылайык 2022-жылдын 31-майында Министрлер кабинети № 291 токтому менен “Жер мунапысын ѳткѳрүү тартиби жѳнүндѳ” Жобону бекитти. Учурда Жобого ылайык шаарлардын мэрияларында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда атайын Комиссиялар түзүлүп аталган жерлерди дагы бир ирээт тактоо жумуштары жүрүп жатат.

Бул мыйзамга ылайык санитардык нормаларга туура келбеген газ түтүктөрү өтүп жаткан, таштанды полигондордун жанындагы, мүрзөлөрдүн жанындагы, электр чубалгыларынын алдындагы жерлер, жөнгө салынбайт. Бир нече жылдар арасында топтолгон көйгөйдү чечүүгө убакыт талап кылынууда. Учурда бул маселени чечүүгө керектүү укуктук ченемдик актылар негизинен кабыл алынганын эске алуу менен жарандарыбызды сабырдуулукка чакырабыз.