«Мөңгүлөргө көмүрдүн майдасын чачыш керек». Депутат сууларды көбөйтүүнүн жолун айтты

Суулардын көбөйтүү үчүн 3,5 миң метрден бийик тоодогу мөңгүлөргө көмүрдүн майдасын чачыш керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрмамат Тагаев киргизди.

«Суу аз деп отура бербестен аракет кылыш керек. Күн суук болгондуктан 3,5 миң метрден бийик тоодогу мөңгүлөргө ээрибей калып жатат. Сиздер өкмөт менен сүйлөшүп, ошол жерге вертолет менен чыгып, көмүрдүн майдсын чачып, ээритип, карта менен карап, кайсы дарыянын нугунда суу аз болсо, ошол жакка барып, сепсек, суу көбөймөк. Элде да маселе болбойт эле. Азыр мисалы, дүң продукциядан 10 миллиард сом жоготууга учурап жаткан болсок, көмүр сепсек, ага 100 миллион кетсе, ары жакта көп акча үнөмдөп жатпайбызбы. Бул быйыл ээрибей калса, эмдиги жылы ээрийт», — деди ал.