«6 ай камакта отургузуп, жаза колдонбойбуз деген кандай?». Масалиев Мадумаров камактан чыгышы керектигин айтты

Депутат Исхак Масалиев «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын убактысын сурап, трибунада сөз сүйлөдү. Ал депутаттык орун өтө бийик экенин, бирок акыркы учурда бул бийиктикти жоготуп жатканын айтты.

«Бир жылдын ичинде 10го жакын депутат ар кандай себеп менен мандатын тапшырып кетишти. Бир-экөө жакын арада бошойт. Буга чейин мындай болгон эмес. Эл ишенип көрсөткөн соң, аягына чейин иштеш керек. Айтылган убаданы аткарыш керек. Камайт деп корксо, депутаттыкка барбаш керек болчу. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Бул өзүбүздүн күчүбүздү жоготуу деген көрсөткүч. 

Депутат Адахан Мадумаров тууралуу айткым келип жатат. 28-мартта Сатарбек уулу Мирбек аттуу сот кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. 2 кылмыш боюнча Мадумаров күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенге байланыштуу жаза койгон эмес. Биз башында эле айтканбыз, мөөнөтү өтүп кеткен деп. Кылмыш иши козголбошу керек эле. Так жазылган, мөөнөтү өтүп кеткенге байланыштуу жаза колдонулбаса, эркиндикке чыгыш керек деп турат. Бирок сот күчүнө кирмейинче чыкпайт деп жатат. Бошотуш керек болчу. 6 ай камакта отургузуп, жаза колдонбойбуз деген кандай? Анан ошол сот Орозо кармайт экен. Ал кандай болот билбейм. 

9 жыл мурда бир киши акча бериптир. Депутаттыкка партия өткөн эмес. Ал киши каза болду. Ал бирөө келип, акча меники деп кагаздын көчүрмөсүн бериптир. Ошол кагаз боюнча кылмыш иши козголуптур», — деди ал.