6 депутаттын бешөөсү жок. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны үзгүлтүккө учурады

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-майдагы жыйыны кворумдун жоктугуна байланыштуу болгон жок. Жыйынга комитеттин төрайымы Динара Ашимова катышты. Ал кворумду чогултуу үчүн тыныгуу жарыялады. Депутаттар да, алардын жардамчылары да келбей калуу себептерин түшүндүрүшкөн эмес.

Комитет жетекчиси чакырылгандардан, анын ичинде Билим берүү жана илим министринин орун басары, Бишкек шаарынын вице-мэри, Билим берүү, Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрүнөн кечирим сурап, жыйынды жапты.

Комитетте бардыгы болуп 6 депутат бар:

Динара Ашимова («Ыймана Нуру»);

Гүлкан Молдобекова («Альянс»);

Аида Исатбек кызы («Ынтымак»);

Айбек Маткеримов («Ата Журт Кыргызстан»);

Айгүл Айдарова («Бүтүн Кыргызстан»);

Жылдыз Садырбаева («Ата-Журт Кыргызстан»).