«70 пайызы орусча болду». Депутат Кокулов «кыргыз тилинде баяндама уккуңар келсе, анда мыйзамды өзгөрткүлө» дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутмановага орус тилинде баяндама жасоого уруксат берилген жок. Депутат Эрулан Кокулов буга нааразы болду.

«Сиз жеке каалооңуз менен баяндаманы кыргызча окутуп койдуңуз. Сөзүнүн 70 пайызы орус тилинде болду. Орус тили Конституцияда расмий тил катары жазылган. Эгер кыргыз тилинде баяндама уккуңар келсе, анда мыйзамды өзгөрткүлө. Азыр эмнени түшүндүк? Мен деле кыргызча берсе экен деп ойлойм. Ошондуктан сиз, төрага өзүнчө чечим чыгарбай, добушка коюңуз. Мен эмне жөнүндө сүйлөп жатканын түшүнбөй калдым», — деди ал.

«Бул регламент боюнча. Ал жерде мамлекеттик тилде баяндалат деп жазылып турат», — деди спикер.

«Анда азыркыны кайра карап чыгалы, бул кыргызча болгон жок», — деди депутат.