«96 пайызы макул деп добуш беришти». Садыр Жапаров комуздун формасындагы пирс боюнча жыйынтык чыгарды

Соңку учурда Ысык-Көлдө комуз формасындагы пирстин курулушу дагы кайчы пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу «Кабар» агенттиги мамлекет башчысына бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды.

— Жакында комуз формасындагы пирсти куруу-курбоо боюнча соцтармакта сурамжылоо жүргүздүңүз. Бул кадамыңызды кубаттагандар көп болду. Бирок “Президент шайлоодо 80 пайыз добуш алган, эл ага чечим кабыл алуу укугун берген. Эми сурамжылоо кылбай эле өзү чечим кабыл ала бербейби” дегендер болду. Чын эле элге алып чыкпай эле кура берсеңер болбойт беле?

— Ооба, элдин 80 пайызы мага ишенип, 6 жылга өз тагдырын, мамлекеттин келечек тагдырын чечүү укугун берген. Эгер саясий маселе болсо мен элден сурабай эле өзүмдүн чечимимди чыгара бермекмин. Бирок бул маселе улут менен кошо жаралган улуттун аспабы – комуз жөнүндө болуп жаткандан кийин сурамжылоо кылып коёюн дедим.

Анткени мага басма сөз катчым телефон чалып: “Ар ким ар кандай пикир жазып жатышат, каргагандар да бар”,- дегенде бул мага катуу тийип, сурамжылоо жарыяладым.

Сурамжылоодо элдин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 96 пайызы макул деп добуш беришти. Ошондуктан бул долбоор өзгөрүүсүз калды. Ал жерде комуздун өзү эмес да, болгону сөлөкөтү. Тескерисинче, өлкөбүзгө келген ар бир туристке комузубузду, боз үйүбүздү даңазалап, таанытуу аракети болуп жатат. Мунун эмнеси жаман? “Рух Ордого” келген туристтерге комплексти көргөзүп чыккандан кийин боз үйгө алып барып кыргыздын тамагын берсек жакшы да.

Боз үйдүн ичиндеги ресторанды тейлеген улан-кыздарыбыз дагы улуттук кийимчен болушат. Кыскасы улуттук колоритибизди сактап, чет элдиктерге жайылтсак эмнеси жаман?..