Сегизбаев сотто кызын туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаардык сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралып жатат.

Соттук отурумга Абдил Сегизбаев алып келинди. «Чындык үчүн отурабыз»,- деген Абдил Сегизбаев кызын бүгүнкү туулган күнү менен куттуктады.

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан эле. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу.