Абдыбахаб Боронбаев ант берип, депутаттык ишмердүүлүгүнө киришти

Бүгүн, 13-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланып келген Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович ант берди.

Жаңы депутат Абдыбахаб Боронбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.

БШКда Абдыбахаб Боронбаевге мандат берилерде анын соттуулугу жоюлганы айтылган. Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен биргеликте кылмыш ишинде айыпталуучулардын катарында болгон. Мамлекетке келтирилген зыян катары Райымбек Матраимов 2 миллиард сом, Нурлан Ражабалиев 12 миллион сом, Абдывахаб Боронбаев 8 миллион сом төлөгөн.