Адахан Мадумаров жаңы Ак үйдүн салынышы боюнча: «30 жылдын ичинде мындай баш аламандык болгон эмес»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада жаңы Ак үйдүн курулушуна капсула салып, бирок бул окуя коомчулукта талкуу жаратты. Анда мамлекет башчысынын бул кадамы анын буга чейин «Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам» дегенине каршы келерин билдиришти.

Көп өтпөй «Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың» деген өлкө башчысы анын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кетпегенин жана анын курулушунун баасы 16 гектар жерге алмашылып жатканын айтты. Президенттин бул билдирүүсү талкууну ого бетер күчөттү. Мындан улам депутаттарга «Жаңы Ак үйдүн курулушу азыркы кырдаалда керек беле же жокпу?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Адахан Мадумаров эч качан бекер нерсе болборун айтты. «Азыр тилекке каршы жоопкерсиздик менен маалыматтар көп таратылып кетет да. Билдирүүлөр таратылып кетет. Эгер мамлекеттин негизги имаратын мамлекеттик бюджеттен курулбай, бөтөн бирөөлөр куруп берген болсо, аман эле бол ушул өлкө. Эч качан бекер нерсе болбойт. Бир тууган менен бир туугандын ортосунда дагы аласа-бересе бар. Кайсы бир күчтөр коопсуздук кызматына имарат куруп берсе, кайсы бир мамлекет өлкө жетекчиси отурган үйүн куруп берген болсо, бул эмне деген көз карандысыздык. Бул эмне деген башаламандык. Өзүлөрү айткандай, «30 жылдын ичинде мындай баш аламандык болгон эмес», — деди ал.