Адылбек Касымалиев: «2025-жылдын 7 айында Кыргызстандын экономикасы ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө»

2025-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча ИДӨнүн көлөмү 865,2 млрд сомду түзүп, 11,5 %га көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев соцтармактагы баракчасына жазды.

Кыргызстан ИДӨнүн өсүү темпи боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында биринчи орунда турат:

• Казакстан – 6,3 % (7 ай);
• Армения – 6,3 % (6 ай);
• Беларусь – 2,1 % (6 ай);

• Россия – 1,2 % (6 ай).

Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымынын эсебинен камсыздалды. Мисалы, өнөр жайда өсүү 11,4%ды түздү. Айрыкча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү тармактарда катталды:
• фармацевтика – 2,4 эсе өсүү;
• тамак-аш азыктарын өндүрүү – 49,0 %га;
• резинадан, пластмассадан жана курулуш материалдарынан жасалган буюмдарды өндүрүү – 33,5 %га;
• химиялык продукция – 29,3 %га;
• нефть продуктулары – 5,8 %га;

• пайдалуу кендерди казып алуу – 14,6 %га.

Бул абдан жакшы динамика. Курулуш сектору 37,8 %га, тейлөө чөйрөсү – 9,8 %га, айыл чарбасы – 2,3 %га өстү. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи жогору болууда. 7 айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4 %га көбөйдү.

Бул көрсөткүч мурунку жылдык деңгээлдерден ашып кетти:
2021-жылы – 122,8 млрд сом,

2022-жылы – 139,4 млрд сом.

Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү ички каржылоо булактарынын 52,2 %га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды, бул улуттук каржылоо базасынын бекемделишинен кабар берет. Сиздерге белгилүү болгондой, социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын турукташтыруу максатында үстүбүздөгү жылдын 11-августунан тартып 90 календардык күнгө эттин (уй эти жана кой эти) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди.

Мен Экономика жана коммерция министрлигине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөөнү жана бардык социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторингди күчөтүүнү, зарыл болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырдым. Орто мөөнөттүү келечекте инфляцияны ооздуктоо максатында ушул жылдын 29-июлунда Улуттук банк эсептик ченди 9,0 %дан 9,26%га чейин көтөрдү.