Адылбек Касымалиев чет элдик инвесторлорду Кыргызстанга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул күндөрү Кытайдын Гонконгунда өтүп жаткан Азия каржы форумунда баяндама жасады. Анда Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго жагымдуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты.

«Кыргызстанда инвесторлор үчүн «ачык эшик саясаты» ишке ашырылды. Алардын негизгилери —  салыктагы жеңилдиктер, бизнести каттоонун жөнөкөйлөштүрүү жана чет өлкөлүк инвестицияларды мыйзам менен коргоо. Тиешелүү өзгөртүүлөр өлкөнүн мыйзамдарына киргизилди, анда инвестициялык ишмердүүлүккө тоскоолдук кылган мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги каралган», — деди МинКаб башчысы.

Адылбек Касымалиев улуттук фонддук биржада акцияларды жана облигацияларды жайгаштырууга кыргызстандык компаниялардын активдүү катышуусун баса белгилеп, Гонконг фондулук биржасы менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, бул инвестиция тартуу жана кыргызстандык компаниялардын дүйнөлүк рынокко чыгуусу үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат.

«Өлкө тездетилген өнүгүү этабына кирип жатат жана биз биринчи жана экинчи толкундун «жолборстору» болгон азиялык досторубуз мурда жасаган «ак илбирстин секиригин» алдыда жасагыбыз келет», — деди ал.