Айбек Жунушалиев кайрадан Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин аталган кызматтан Эмилбек Абдыкадыров бошотулду.

Айбек Жунушалиев 2021-жылдын август айында Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, ошол эле айда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. 2022-жылдын февраль айында аталган кызматтан бошотулуп, июнь айында президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп дайындалган эле.