Айбек Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына Айбек Молдогазиевди тааныштырды.
Молдогазиев 1995-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде эмгектенген, «Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси» дипломатиялык рангы бар, ал Тышкы иштер министрлигинин департаментинин атташесинен директорго чейин дипломатиялык баскычтарынын баарын өткөн. 2009-жылы президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.
2017-жылдын августунан баштап Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө Кеңешчи — кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.