Жогорку Кеңеште экс-президенттерди айрым артыкчылыктарынан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып жатат. Анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген демилге көтөрүлүүдө. Буга башка депутаттар кандай карайт?
Депутат Айбек Осмоновдун айтымында, ал бул демилгени колдобойт, анткени экс-президенттерди эл өзү шайлаган. «Алардын ишине эл өзү баа берет. Сооронбай Жээнбековдун «экс» макамы калышы керек», — деди ал.