Айдарбеков кеңешчиликтен да кетти

Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 1-декабрда президенттин  кеңешчиси кызмат ордунан бошотулду. Ал өзү кызматтан кетүү арызын бергени маалымдалды.  Ага президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп 22-октябрда дайындалган эле. Ага чейин эки жылдан ашуун Тышкы иштер министри кызматын аркалаган.