«Айген» менен коштошобузбу? Жогорку Кеңеш целлофан баштыктар боюнча мыйзам долбоорду колдоду

Бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндөгү” жана “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорунун топтому каралды.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мыйзам долбоору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, мыйзам долбоорлору аркылуу Кыргыз Республикасында полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында полимерден жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак пакеттерин импорттоого, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууга багытталган чектөөчү чараларды киргизүү каралууда.

Мындан сырткары, мыйзам долбоору полимер материалдарынан оромдоочу пакеттерди ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана соода жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз берүүгө мыйзам тарабынан белгиленген тыюуну бузгандыгына жоопкерчилик чараларын белгилөө жолу аркылуу, полимер материалдардын Кыргыз Республикасында ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин кыскартуу максатында иштелип чыккан.

Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда колдоп беришти.