Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова кечээ, 6-мартта “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-орусиялык Аялдар форумунун ачылышына катышты. Ага Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана башкалар да катышты.
Анда биринчи айым жана Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын маданий салттарына арналган көргөзмөнү көрүп чыгышты. Айгүл Жапарова бүгүнкү күндө аялдар коомдо маанилүү орунду ээлеп, коомдук-саясий иштерге катышып, ири бизнес долбоорлорду ишке ашырып, эки өлкөнүн бакубаттуулугун камсыздоого чоң салым кошуп жатканына токтолду. Ошол эле учурда ал Кыргызстан менен Орусиядагы аялдардын диалогунун негизги факторлорунун бири – орус тилине кеңири токтолду. “Кыргызстанда орус тилин жана маданиятын урматтоого өзгөчө маани берилет. Республика боюнча орус тилинде окуткан мектептердин саны 2333, анын ичинен 247 — орус тилинде окуткан мектептер”, — деди ал.
Жакынкы арада Орусия тарап менен биргеликте Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 жалпы билим берүүчү мектепти куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну баштоо пландалууда.
Биринчи айым биринчи кезекте өлкө боюнча эне-балага жардам берүү, алардын жашоо сапатын жакшыртуу, потенциалын коргоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн «Эне — балага тирек» коомдук фондун жетектей турганын эске салды.