Айрым талапкерлер шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы

Кыргыз өлкөсүнүн президенттигине талапкерлигин койгон айрым талапкерлер шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин айтышты. Алдын-ала жыйынтык боюнча бардык талапкердин ичинен Садыр Жапаров 79,14 пайыз менен алдыга озуп чыкты.

Мындай жыйынтыкка макул эместигин алгачкылардан болуп Адахан Мадумаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

«Садыр Жапаровду эл колдогон жок, кыйкырып жаткандардын баары фейктер. Социалдык тармактарда аны колдоп жазгандардын деңгээлин өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек”, — деди ал.

Ошондой эле, мындан кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып митинг уюштурбай тургандыгын жана бийликке карата оппозицияда болорун кошумчалады.

Шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирген дагы бир талапкер Курсан Асанов “Ош шаарынан көп добуш алышым керек эле. Кайсы бир шайлоо тилкесинен эки добуш алыптырмын. Андай болбойт. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды. Ошондуктан мен шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин», — деген пикирин билдирди.

Ошондой эле, дагы бир талапкер Абдил Сегизбаев да шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарта тургандыгын жарыялады.

«Октябрда Сооронбай Жээнбековдун айланасында болгондор ушул айдын ичинде Садыр Жапаровго иштешти. Бийлик тарабынан башка талапкерлерге басым болгонун сездик, тең укуктуулук болгонун көргөн жокпуз», — деди Сегизбаев.