Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Анда боордош эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларын арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Шакиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 31 жыл толгону менен эзелтен эриш-аркак жашаган эки элдин байланышы узак убакытты камтый тургандыгын белгиледи. “Андыктан, калыптанган достук жана жакын коңшулук мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Айрыкча стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү эки мамлекет үчүн эле эмес, жалпы чөлкөм үчүн да маанилүү. Бул маселеге өлкө башчыларыбыз да өзгөчө көңүл буруп, байланыштарды бекемдөөгө зор салымын кошууда”, – деди ал.
Өз кезегинде Танзила Нарбаева бүгүн Бишкекте уюштурулган Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер-айымдарынын диалогу жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, аталган иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен кыргыз аялдарынын активдүүлүгү көпчүлүккө үлгү. Бүгүн дагы кыргыздын кыз-келиндери өз өлкөсүнүн эле өнүгүшүнө салым кошпостон, жалпы регионго өрнөк боло турган иштерди алып барууда”, – деген Танзила Нарбаева кыргыздын ишкер айымдарын мисал кылды.
Президент Садыр Жапаров жоокерлерди мазактаган окуя боюнча тиешелүү органдар ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү камсыздап, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде катуу жоопко...
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө” мыйзам менен кабыл алынган...
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Кыргызстандын желеги түшүрүлгөн кагазды жерден сыйрып алып чөнтөгүнө салган видеосу тарады. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя...
Президент Садыр Жапаров жана дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао Кыргызстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу...