Айыл чарба министрине жаңы орун басарлар дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Дүйшеев Мирбек Иманкадырович — ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.

Кененбаева Асел Автандилбековна — айыл чарба министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.

Касейинов Кубат Усенкулович — айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин Мурат Раматов, Маил Алияскаров жана Айнура Туйбаева айыл чарба министринин орун басарлары кызматынан бошотулган.