Ак Үйдүн алдында премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго каршы митинг өтүп жатат

Бүгүн, 3-февралда  Жогорку Кеңештин имаратынын алдында парламенттин депутаттарына жана премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповго каршы митинг өтүп жатат. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

«Марипов кетсин, бүт 120 депутат кетсин! Премьер-министрлик кызматка Артём Новиковду калтыруу керек!» — деп жатышат.

Алардын айтымында, 2020-жылдын 5-октябрында болгон башаламандыкта коомчулук люстрацияны талап кылган, бирок учурда элдин үмүтү акталбай жатат. Учурда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн мүчөлөрүн, программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап жатат.