Акаев: «Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан IT-адистер бизди арзан өлкө деп келип жатышат»

«Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан IT-адистер бизди арзан өлкө деп келип жатышат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев бүгүн, 10-мартта билдирди.

«Чоң кризистер чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат» деп Уинстон Черчилль айткан. Бир аптадан бери Орусия менен Беларустан күнүнө ондогон IT-адистери бизди арзан жана туруктуу өлкө деп келип жатышат. IT-технопарк бар эле, ошол жерден аларга имарат берип, жайгаштыруу жагын карап берсек», — деди ал.