Акаевден кийин депутат Мирлан Жээнчороев да суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Эл өкүлү 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуяларга байланыштуу ачылган кылмыш иштери боюнча күбө катары суракка чакырылганы маалымдалууда.

Мирлан Жээнчороев буга чейин 14-ноябрда пневмония болуп ооруганын жана учурда дарыланып жатканын билдирген эле. Мындан улам, анын суракка кийинчерээк барары айтылды.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да ИИМге суракка чакырылганы белгилүү болгон. Эл өкүлү кайсы иштин алкагында чакыруу кагазы жөнөтүлгөнүн билбей турганын журналисттерге айткан. «Эмне үчүн суракка чакырышканын билбейм, бирок Бишкек шаарындагы 5-6-октябрь күндөрүндөгү окуяларга байланыштуу болушу ыктымал», — деген Жанар Акаев.