Акаевдин ордуна парламентке Сарыбашов келди

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында №8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды.
Сарыбашов № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында президенттин 18-февралдагы № 65 Жарлыгынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаты Акаев Жанар Кубанычовичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку Кеңештин депутаты Акаевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат.