Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко бербей турган болду

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берүү чечиминен кайтты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине өзү билдирди.

«Ар-намысымды жана кадыр-баркымды коргоо үчүн Садыр Жапаровду сотко берейин деп документтерди даярдап жаткам. Бирок экс-муфтий Рахматулла Эгембердиевдин маегинин жазуусу пайда болгондугуна байланыштуу, эч нерсени далилдөөнүн кажети жок болду», — дейт ал.

Буга чейин ал Жапаровго каршы кылмыш ишин козгоого негиздери жетиштүү экенин айткан болчу. «Садыр Жапаров берген маегинде мени радикалдык ислам тобунун кызыкчылыгын коргогон деп айтты. Мен анын ушундай мамиле кылганына таарынып, капаланып жатам”, — деген Токталиев.