Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-июлда Париж шаарында (Франция Республикасы) XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысын жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей хан сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.
Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү. Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты. Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү. Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпай турганын билдирди. "Мага жеткен...
Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун...
Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайдагы расмий сапарынын алкагында Кытай эл аралык институтуна караштуу Си Цзиньпиндин дипломатия боюнча...
Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчысынын иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо...
Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бээжин шаарында Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы...