Аккулу Бердиев: «Кытай компаниясы Кыргызстандан 17 фура алтын концентратын алып чыгып кетти»

иллюстрация

Кытайдын «Кайди» компаниясы Кыргызстандан 17 фура алтын рудасынын концентратын алып чыгып кеткен. Бул тууралуу депутат Аккулу Бердибаев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, «Достук» өткөрүү пункту аркылуу алтын концентратынын чыгарылганы тастыкталган.  «Кечээ күнү эле бул маселе комитетте талкууланды. Алтын кенин иштетүү үчүн «Кайдинин» лицензиясы токтотулган. Былтыр «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү жайында алтын концентраты бар 17 жүк ташуучу унаа кармалган. Андан кийин текшерүүлөр башталды. Бирок бүгүн, 22-сентябрда компания алтынды алып чыгууга жетишкенин билдим», — дейт эл өкүлү.

Ал муну Бажы кызматындагы коррупцияга байланыштырып, текшерүүнү талап кылды.